Жалалабатэлектро Ачык Акционердик коомунун карамагындагы “трансформаторлорду кайрадан калыбына келтирүү цехи” кеңейтилип, кызматкерлер жаңы имаратка көчү алдында турушат. Эми жогорку кубатуулуктагы трансформаторлорду калыбына келтирүү жумуштары аталган жайда жүрөт. Адистер булл кезге чейин орто кубаттуулуктагы трансформаторлорду гана ондоп-түзөдөн өткөрүп келишкен. Ал эми жогорку кубаттуулуктагы трансформаторлорду оңдоо үчүн Ошшаарына барып, кезек күтүшчү. Мындай кыйынчылыктар арттакалды.