Ала-Бука районуна караштуу Шекафтар-Ажек аба чубалгысынын мамычасы сайдын суусуна жакын болгондуктан аны коргоо зарылдыгы туулган. Жаан-чачындын көбөйүшү менен суунун басымы көтөрүлүп мамычага жакындамак. Мындан улам аталган аба чубалгынын №10 мамычасын суу-ташкындарынан коргоо үчүн Ала-Бука райондук электр тармактар ишканасынын жогорку чыналуудагы электр жабдууларын тейлоо кызматынын адистери кошумча дамба куруп, суунун жээгин бекемдешти.