“Жалалабатэлектро” Ачык Акционердик Коому жыл жыйынтыгын чыгарды. Жыйынга Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасынын 1-орун басары Нурлан Садыков катышты.

“Жалалабатэлектро” Ачык Акционердик Коомунунда жыл жыйынтыгын чыгарган жыйын өттү. Күн тартибине 14 маселе киргизилди. Анда 2016-жылдын жыйынтыгын чыгаруу, 2017-жылдагы иш пландар жана коомдук ревизондук комиссиянын курамын бекитүү.

Өткөн 2016-жыл ичинде электр энергиясын пайдаланууга 1 565,7 млн.кВт саат лимит бөлүнсө, иш жүзүндө 1445,2 млн.кВт.саат электр энергиясы пайдаланылып, өткөн жылга салыштырмалуу 68,9 млн. кВт/саат электр энергиясы аз пайдаланылганы жыйын учурунда айтылды. “Дебитордук карыздарды кыскартуу боюнча жүргүзулгөн иш-чаралардын натыйжасында жыл башындагы жалпы карыз 198,0 млн.сом болсо, жыл аягында 174,0млн. сомду түзүп, дебитордук карыз 24,012 млн.сомго же 12,1% кыскарылган”деп билдирди аталган коомдун башкы директору Кеңешбек Маматканов.

Мындан тышкары Жалалабатэлектро Ачык Акционердик Коому тарабынан жыл сайын электр жабдыктар жаныланып, авариялык өчүрүүлөр өткөн 2015-жылга салыштырмалуу былтыр аз катталган. Жылпысынан жыл ичинде 48 даана жогорку чыңалуудагы көмөкчү чордон оңдоп-түзөдөн өткөрүлгөн. 27 даана 6-10/0,4 кВ кошумча көмөкчү чордондор курулган. 10 километр 10-6-0,4 кВ аба чубалгыларын куруу пландалган болсо, жыл ичинде 16.4 км курулганы жыйын учурунда белгилүү болду. 2016-жылы 17 161 даана электр эсептегичтер алмаштырылган.

Ал эми өндүрүштүк зарылчылык үчүн ачылган окуу борборунда 2016-жылы жалпы 189 кызматкер 40 сааттык программадагы окуудан адистигин жогорулатуу үчүн курстан өтүшкөн. Алардын 103 ү электр тармагын тейлөөчү-электромонтёрлор, 86сы көзөмөлдөөчү-кассирлер.

Жыйындын сонунда Нурлан Садыков “Жалалабатэлектро”Ачык Акционердик Коомундагы жетишкендиктерди баса белгиледи.