“Жалалабатэлектро”Ачык Акционердик Коомунун карамагындагы “Окуу борбору” 2014-жылдын ноябрь айында ачылган. Өндүрүштүк зарылчылык үчүн кызматкерлердин адистигин жогорулатуу максатын көздөйт.
Өткөн 2016-жылы 189 кызматкер 40 сааттык программадагы адистигин жогорулатуу курсунан өтүштү. Алардын ичинен 103 кызматкер бөлүштүрүүчү электр тармагын тейлөөчү электромонтёрлор болсо, 86сы көзөмөлдөөчү-кассирлер.
Ал эми жыл башынан бери 24 кызматкер окууда өз адистигин жогорулатты. Тажрыйбага бай, көп жылдар бою үзүрлүүэмгектенген кызматкерлер сабак беришет.