«Жалалабатэлектро» ачык акционердик коому учурдагы кырдаалды эске алып, Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасына 3 даана кычкылтек концентратор тапшырды

 «Бүгүнкү күндө ар бир жарандын ден-соолугуна кам көрүп жаткан медицина кызматкерлеринин эмгеги опол тоодой.

Биздин компания дагы четте карап турбай, колдон келген жардамды берип жатабыз. Бүгүн дагы 3 даана

кычкылтек концентраторду алып келдик. Ооруп жаткан бейтаптарга жардам болсо, биз кубанычта болобуз»,

деди компаниянын башкы директору Дурусбек  Рахманов.  

Урматтуу достор! Оору-сыркоодон алыс болуңуздар, элибизге

келген илдетти сабырдуулук, бири-бирибизге кам көрүү, бири-бирибизге жардам колун сунуу менен жеңип чыгалы!