Энергетиктер COVID-19 менен күрөшүүдө ар тараптуу көмөктөрдү көрсөтүүдө...

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Н. Мирзахмедовдун демилгеси менен ишке берилүүчү убактылуу

инфекциялык оорукананын электр энергиясына байланыштуу монтаждоо жумуштарын Жалал-Абад район

электр тармактар ишканасынын кызматкерлери жасап жатат. Аталган мекеме бул кезге чейин №27 «Шүүдүрүм»

мектепке чейинки билим берүү уюму болчу. 70 орунга ылайыкташып, аталган жайга пневмония оорулары менен

дарыланууга муктаж жарандар жаткырылат.

Ал эми Сузак районундагы кесиптик лицей дагы коронавирус дартына кабылгандарды кабыл алуучу ооруканага айланат.

Аталган имарат эски жана монтаждоо жумуштары дээрлик жок болгондуктан, “Жалалабатэлектро” ААКнын

карамагындагы Сузак, Көк-Арт район электр тармактары жана компаниянын борбордук аппаратынан жалпы

3 бригада электр энергиясына байланышкан бардык монтаждоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Ошондой эле, Сузак райондук “Эне жана бала” борборуна дагы трансформаторду орнотуу, кыска линия тартуу

жумуштарын дагы жасап беришти.

Жабыла көтөргөн жүк жеңил дегендей, ар бир жаран кайдыгерликтен качып, өз салымдарын кошсо, бул ооруну жеңүүчү күн алыс эмес...