Аталган чогулуштун  күн тартибинде 14 маселе каралды.

  1. Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу.
  2. 2019-жыл боюнча коомдун каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча
  3. башкы дирекциянын отчету тууралуу.
  4. 2019-жыл боюнча Коомдун көз карандысыз аудиторунун корутундусу жөнүндө.
  5. 2019-жыл боюнча Коомдун Текшерүү комиссиясынын корутундусу жөнүндө.
  6. 2019-жылдагы Коомдун бюджетинин аткарылышы тууралуу башкы дирекциянын отчёту тууралуу.
  7. 2019-жыл боюнча Коомдун киреше жана чыгашаларынын эсеби, жылдык балансы жөнүндө.
  8. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Коомдун кирешелерин бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө.
  9. 2019-жыл боюнча Директорлор кеңешинин өздөрүнүн иштеринин отчёту тууралуу.
  10. 2020-жылга Коомдун жылдык бюджети жөнүндө.
  11. Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн укутарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө.
  12. Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо тууралуу.

Бардык 14 маселе тең бекитилип, коомдун текшерүү комиссиясынын жаңы мүчөлөрү болуп;

  1. Акжолов Рустам Маматразакович
  2. Сыдыгалиев Ильгиз Манатбекович
  3. Жээнбеков Нургазы Усенович шайланышты.

«Жалалабатэлектро» ААКоому өткөн 2019-жылды ийгиликтүү жыйынтыктады.

Эскерте кетүүчү жагдай, өлкөдөгү өзгөчө абалга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын апрель айында өтмөк,

бирок пандемияга байланыштуу бүгүнкү күнгө жылдырылган.

Жыйын учурунда бардык санитардык эрежелер сакталды. Акционерлер арасындагы аралык сакталып,

беткап кийишкен жана ар биринин температурасы текшерилди.