Татаал шарттарга моюн сунбай, алдынан чыккан тоскоолдуктарды тоготпой Жазы-Кечүүгө жарык

жеткирген биздин кызматкерлер ТАРЫХ жазышты.

Жазы-Кечүүгө электр энергиясын тартуу жумуштары үстүбүздөгү жылдын июнь айында башталган.

Электр энергиясы эзели жетпегендиктен, айыл тургундары анчалык деле үмүт кылбай калышкан.

Улуттук энергохолдинг  башкармалыгынын Төрагасы Айтмамат Назаров, «Жалалабатэлектро» ААКнын башкы

директору Дурусбек Рахманов баштаган жамаат маселени жеринен чечип, элет элин электр энергиясы

менен камсыз кылууга далалат жасашты.  Өзүнүн күчү, өзүнүн каражаты менен ишти

колгон  «Жалалабатэлектро» үмүтү үзүлгөн элге канат байлап, жарык берүүгө

болгон күчүн жумшады.  Учурда 18 чакырым аба чубалгысы тартылып бүтүп, айыл ичинде орнотулган электр

мамычалар, ар бир үйгө коюлган электр эсептегичтерден улам, жергиликтүүлөр жарыктын келерине

эми гана ишеништи.  Жумуш дээрлик аягына чыкты.

Электр мамычалардын ордун даярдоодо, жер астынан чыккан таштар, зоолордун боору, тоолордун бийиктиги,

жолдун татаалдыгы, жамгыр жааса жердин баткактыгы дал ушундай кыйынчылыктарга моюн сунбай, астынан

чыккан тоскоолдуктарды тоготпой 2 ай дегенде иштин ийгилигин көрсөтүшкөн

биздин ар бир кызматкер тарых жазышты.