Бүгүн, “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун актовый залында “Улуттук энергохолдинг компаниясы”

Башкармалыктын Төрагасынын биринчи орун басары Асхат Бердиев жыйын өткөрдү. Ага “Жалалабатэлектро” ААКнын

башкы директору Дурусбек Рахманов жана район электр тармактар ишканаларынын жетекчилери, бөлүм-кызмат башчылары катышты.

2021-2022-жылдын күз-кыш айларында калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн, даярдыктарды

тиешелүү деңгээлде жүргүзүп, электр энергиясынын берилген лимиттерин сактоонун зарылдыгы баса белгиленди.

Жыл сайын керектөөчүлөр менен кошо электр энергиясына болгон муктаждыктын кескин өскөндүгү ошондой эле  

Токтогул суу сактагычындагы суунун азайуу мезгилинин кезектеги табигый циклинен улам, аталган суу сактагычта

суунун көлөмү төмөндөөдө.  Мындан улам, ар бир район электр тармактар ишканасы лимит маселесине өзгөчө көңүл

буруу учур маселеси болууда.  Башкармалыктын Төрагасынын биринчи орун басары Асхат Бердиев, облустагы РЭТи,

ЭЭСи менен жеринен барып таанышып, чечилүүнү талап кылган маселелерге көңүл бөлдү.