«ЖАЭ» ААК жыл сайын салтка айланып калган облустагы энергетиктер арасындагы спорттук

мелдешин өткөрдү. Алгач райондордо тандоо түрү өтүп, анда жеңишке жеткен район электр

тармактары ишканаларынын кызматкерлери, Сузак районундагы Кара-Алма эс алуу жайына жыйналышты.

«ЖАЭ» ААКнын башкы директору Дурусбек Рахманов спорттук иш чаранын ачылышы менен куттуктап,

бардык командаларга ийгилик каалады. «8 жылдан бери өтүп жаткан спорттук мелдеш, биздин кызматкерлер

үчүн өзгөчө күн. Ден-соолукту чындоо менен катар, башка райондордогу кесиптештер менен достук

беттештерди өткөрүү, тажрыйба алмашуу бул жумушка болгон кызыгууну, жоопкерчиликти арттырат.

Жыл сайын таймаш жогору уюшкандыкта жана өтө курч атаандаштыкта өтөт. Бүгүн дагы өзгөчө

оюн көрсөтүп, жеңишке жетүүңүздөрдү каалаймын –деди Дурусбек Рахманов.

Андан соң командалар чүчү кулак кармап, туш келгендери кызыктуу оюн көрсөтүүгө өтүштү.

Катышуучулардын айтымдарында, спорт менен жумуштун окшош жактары абдан көп.

Энергетик болуу үчүн ыкчамдык, кылдаттык, жопопкерчилик талап кылынса,

спорт да ушундай. Ошондуктан мындай иш-чаранын өтүп турушу маанилүү.

Футбол, валейбол, аркан тартышмай, жеңил атлетика, гира көтөрүү, таяк тартышмай

сыяктуу оюндун түрлөрү программага кирген.