Сузак районуна караштуу Благовещенка айылындагы 55 жыл мурун курулган, эскилиги жеткен 0,4 кВ жыгач

мамычалар жаңы бетон электр мамычаларга алмаштырылып, өзүн тартуучу изолцияланган зымдар тартылып жатат.

Аталган айылга 30 даана мамычалар орнотулуп, 0,5 чакырым электр зымы тартылууда.

Аталган зымдар, аба-ырайынын кескин өзгөрүүлөрүнө туруштук бере алат, кыска туташуу

жана жер менен туташуу сыяктуу авариялык өчүүлөр бул өткөргүчтөрдө болбойт. 0,4 кВ чыңалуудагы

ар бир электр мамычага темир конструкциялар колдонулабайт. Дагы бир артыкчылыгы

0,4 кВ чыңалуудагы чубалгысын уурдап колдонууга бөгөт коюлган.  Үстүбүздөгү жылы,

Сузак район элеткр тармактар ишканасынын карамагындагы айылдарга жалпысынан 4 чакырым

өзүн тартуучу изоляцияланган зым тартылат, бүгүнкү күнгө чейин 1 чакырым 300 метр зымды тартуу иштери аяктады.