Жыл сайын керектөөчүлөр менен кошо электр энергиясына болгон муктаждык

кескин өсүп, кошумча электр мамычаларды орнотуу, аба чубалгыларды тартуу

зарылдыгы пайда болууда. Жалал-Абад шаарындагы Көк-Арт дарыясынан

баштап Спутник кичи шаарчасындагы Манас көчөсүнө чейинки аралыкка жаңы

электр мамычалар курулуп, электр зымдары тартылып жатат. Аталган дарыянын

жээгинен башталган жаңы электр чубалгылары Манас көчөсүнө чейин орнотулат.

Жалпысынан 30 даана 10 кило вольттук электр мамычалар коюлуп  бүттү,

эми 1 чакырымдан ашуун аба чубалгылары тартылууда.