Майрамдык, салтанаттуу парадда "Жалалабатэлектро" ААКнын кызматкерлери

Жалал-Абад облусун электр жарыгы менен камсыз кылган эмгек жамаат

"Жалалабатэлектро" ачык ационердик коому экономиканын локомотиви болгон

энергетика тармагын тейлейт. Облус боюнча 242 000 абонентке үзгүлтүксүз, сапатуу

электр энергиясын жеткиришет. Компаниянын карамагында 1489 кызматкер эмгектенет.

Түзүмүнө 12 район электр тармактары, 2 электр энергиясын сатуу ишканалары,

7 өндүрүштүк кызматтар жана 14 бөлүм бар. Кыштын ызгаарына, жайдын аптабына

карабастан, күнү-түнү эл үчүн ак кызмат өтөгөн "Жалалабатэлектронун" кызматкерлери.

Компания акыркы жылдары, өздөрүнүн инфраструктуралык базасын өркүндөтүүнүн

үстүндө иш алып барууда. Жаңы технологияларды киргизип, компаниянын иштөө

натыйжалуулугун жогорулатууда. Компанияны Дурусбек Рахманов жетектейт

Ар бир үй жарык жана жылуу болсун деген ураанды туу туткан энергетиктерге даңк!