Директорлор кеңешинин чечими менен «Жалалабатэлектро» ачык акционердик

коомунун директору болуп Азамат Паизов дайындалды. Ал буга чейин аталган

компаниянын ишенимдүүлүк жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турган.

Ал эми «Жалалабатэлектро» ААКнын кызматтан бошотулган башкы директору

Дурусбек Рахманов, Жалал-Абад район электр тармактар ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.

«Улуттук энергохолдинг» башкармалыгынын төрагасынын орун басары

Замирбек Ходжомамбетов жаңы дайындалган жетекчилерди компаниянын жамааты менен тааныштырды.