22-декабрь Энергетика кызматкерлеринин кесиптик майрамы.

Күн менен түн теңелген күн. Майрамдык салтанат, «Жалалабатэлектро» ААКнын

актовый залында салтанаттуу белгиленди. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн,

КРнын энергетика жана Өнөр жай министрлигинен, Улуттук Энергохолдинг компаниясынан,

областтык, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, о.э. энергетиктер катышты.

Жашоону жарыксыз элестетүү мүмкүн эмес, ар бир үйдөгү жарык менен жылуулук энергетиктердин

чыныгы мээнети, күн-түн жасаган жумушунун акыбети. Ар бир келген жетекчинин сөзүндө

энергетиктердин эмгеги бааланды, жасап жаткан жумуштары алкоого татыды.

Салтанат каалоо-тилектер менен башталып, көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген кызматкерлер министрдин,

Энергохолдинггдин, Областтын жана шаардык, мекеме-ишканалардын Ардак громаталары, төш белгилери менен сыйланышты.

Урматтуу сыйлык ээлери, сыйлыгыңыздар кут болсун, сыймык жалпыбыздыкы болсун.