Көк-Арт район электр тармактары ишканасынын кызматкерлери, трансформатордун иштөө

нормасын, аба чубалгылардын абалын текшерүүгө алып жатышат.

Азыркы учурда, электр энергиясын керектөө, болуп көрбөгөндөй өстү. Ошол үчүн, жылытуу максатында

электр приборлорун, көп санда пайдаланганына байланыштуу, электр энергиясынын берүүсү төмөнкү себептер

менен үзгүлтүккө учурап жатат:  Калк колдонулган көмөк чордондордон (6-10/0,4кВ) чыккан кабель

жана аба чубалгылары, кубаттуулукка чыдабай күйүп, жарактан чыгууда. Керектөөчүлөр колдонулган көмөк

чордондордо (6-10/0,4кВ) орнотулган өчүргүчтөр (автоматтар, предохранитель) өз кубаттуулугуна жетип күйүүдө.

✅Электр жабдууларды сактап калуу максатында жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордо

(220-110-35/6-10 кВ) орнотулган өчүргүчтөрү токтун күчүнүн номиналына жетип, автоматика иштеп, өчүрүүлөр катталууда.