Жалал-Абад электр тармактар ишканасы, “Коопсуздук зоналарын, алардын өлчөмдөрүн

белгилөө тартиби, бул максаттар үчүн бөлүнгөн жерлерди пайдалануунун режими жана

темир жол транспортунун жерлерин өткөрүү укугунун чегинде коргоонун” тартиби, ыйгарым

укуктуу органдын жана электр энергиясы менен камсыздоо мекемесинин макулдугусуз аба

чубалгысынын коопсуздук аймагында жана түздөн-түз аба чубалгысынын астына

кандайдыр бир имараттарды же курулмаларды тургузууга катуу тыюу салынганын эскертет.

⚡️ Калктуу эмес аймактан өткөн электр өткөрүүчү аба чубалгыларын бойлой кеткен кайтарылуучу

чөлкөмдөр жарыш туз сызыктары менен аныкталуучу четки зымдардан төмөнкү аралыкта орнотулат.

 чыңалуусу 35 киловольтко чейинки линиялар үчүн -15 метр

 чыңалуусу 110 киловольтко чейинки линиялар үчүн -20 метр

 чыңалуусу 220 киловольтко чейинки линиялар үчүн - 25 метр

 чыңалуусу 500 киловольтко чейинки линиялар үчүн -30 метр

Ар бир абоненттен жогорудагы эрежелерди так сактоону өтүнөбүз.