Жалал-Абад электр тармактары ишканасы облустагы бардык

район  электр тармактар ишканасынын  жана компаниянын бөлүмдөрүнүн

кызматкерлерине техникалык окууларды өткөрүп жатат. Тренажер-

манекенди пайдалануу менен техникалык окуу бүгүн Жалал-Абад район

электр тармактар ишканасынын кызматкерлеринде болду.

Сабакты, Техникалык ишенимдүүлүк жана коопсуздук бөлүмүнүн

адистери өткөрүүдө. Анда кокустан токко урунган адамга алгач кандай

жардам көрсөтүү керек, өзү дагы кошо токко урулбашы үчүн эмнеден

баштоо зарыл сыяктуу суроолордун жообу айтылып, жабырлануучуну

жандандыруу үчүн тренажер-манекен пайдаланылды.

 Жабыркаган адамга жардам көрсөтүү үчүн аны коопсуз жерге алып

чыгып, тегиз жерге жаткыруу зарыл, коопту жайдан 8 метр алыс

аралыкта болушу керектиги баса белгиленди.  Түзүлгөн график

боюнча январь айында башталган  февраль айында жыйынтыкталат. 

Мындай сынак жылына бир  жолу болот.