Эгерде бир абонент күнүнө 100 ваттык бир эле электр лампочкасын өчүрүп турса,

анда 12 саатта же бир күндө 1,2 кВт. саат электр энергиясы үнөмдөлөт. Демек 30

күндө 36 кВт.саат электр энергиясын үнөмдөсө болот.  Жалал-Абад областы боюнча

баардык абоненттер ушул ыкманы колдонсо, 1 күндө 270 000 кВт. сааттын тегерегинде

электр энергиясы же 200 000 сом үнөмдөлүп , 1 айда 8 млн кВт.сааттан ашык электр

энергиясы же 6 млн сом абоненттердин капчыгында калат.  Ар бир абонент күндүзү үйүнөн

чыгып бара жатканда, же көп кабаттуу үйлөрдөгү подъезддердин электр лампочкасын

өчүрүп турса, үнөмдүү колдонууга салым кошкон болосуз 

Сиз үнөмдөсөңүз, мен үнөмдөсөм башка керектөөчүлөр дагы үнөмдөй баштайт 

Келиңиздер электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланалы