Аталган аба чубалгы Таш-Көмүр шаарында жайгашкан. Узундугу 12 чакырым 700 метрди түзөт.
Анда жалпысынан 42 электр мамыча бар. Жаздын келиши менен утурумдук жана капиталдык
ондоп-түзөө жумуштары кошо башталат. Үстүбүздөгү жылда 110 кВ «Кристалл-Таш-Көмүр»
аба чубалгысында 120даана изоляторду алмаштыруу пландалган. Эки күндөн бери, эскилиги
жеткен, оңдоону талап кылган изоляторлорду алмаштыруу жумуштары жүрүүдө.
3 электр монтер, 1 мастер, 1 айдоочу иш алып барууда. Бул жумуштар келерки күз-кыш
айларына карата камылгалар. Калкты сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо
үчүн , электр жабдуулар өз учурунда оңдоп-түзөөдөн өтүп турушу шарт.