Жалал-Абад электр тармактары ишканасында, «КУЭТ» ААКнын сурап билүү

кызматынын кыска номуру 105 тууралуу жыйын өткөрүлдү. Жыйынга

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы

директорунун биринчи орун басары Асхат Бердиев, аталган компаниянын директору

Азамат Паизов,  сурап-билүү кызматынын  адистери жана кызматкерлер катышты.

Сурап-билүү 105 номери өлкө боюнча жеткиликтүү  о.э. чалуулар бардык уюлдук

жана стационардык байланыш операторлору үчүн акысыз.

Call-центр эки багытта жумуш алып барат.

  1. Оператордук 2. Диспетчердик

Кыргызстандагы  баардык  абоненттер байланышка чыгып, электр энергиясы

менен камсыздоого тиешелүү суроолоруна жооп ала алышат.

- пландын негизиндеги электр өчүрүүлөр

- авариялык өчүүлөрдүн качан калыбына келиши

- электр энергиясына болгон дебитордук карызынын суммасы жана кошумча

чегерилген каражат (пеня)

- электр энергиясы менен сапаттуу тейлөө тууралуу кеңештерди

Дегеле, техникалык, юридикалык маселелер тууралуу кайрылып,

керектүү кеңештерди алганга мүмкүнчүлүктөр бар.

Сурап-билүү кызматынын максаты:

- керектөөчүлөр менен болгон байланыштын сапатын жакшыртуу

- керектөөчүлөрдүн кайрылууларына мониторинг жана анализ жүргүзүү

- керектөөчүлөр тарабынан күнү-түнү келген чалуулардын иштөө тутумун ирээтке келтирүү

- керектөөчүлөрдүн бир нече кайталанма суроолорун алып салуу

- керектөөчүлөрдүн убакыттарын үнөмдөө

Операторлор 24 саат бою, керектөөчүлөрдүн чалууларына жооп берүүгө даяр.