Жалал-Абад электр тармактары ишканасына 2 жаңы унаа алынып келинди.
Бул атайын техникалар 2022-жылга коюлган, капиталдык курулуш планына
ылайык «Кыргызстан УЭТ» ААК тарабынан сатылып алынган. Энергетика
министри Таалайбек Ибраев атайын техникаларды тапшырып жатып,
энергетиктерге калкты үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен
камсыз кылуу үчүн тиешелүү шарттар түзүлүп жатканын баса белгилеп,
ошондуктан энергетиктер да алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыкты
жоопкерчилик менен көрүүгө, тиешелүү тапшырмалырды өз убагында аткарууга тапшырма берди.