Пресса о нас

 

Жалал-Абад облусуНоокен району 20.09.2018 16:35

Ноокенде жаңы конуш электр жарыгы менен камсыз болду (фото)

584 Просмотры

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Сакалды айыл аймагынын Кара-Сай жаңы конушунун тургундары электр энергия менен камсыз болушту. Бул тууралуу «Жалалабатэлектро» ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык жер-жерлерде улантылып жатат. Иштин алкагында мындагы конушка жалпы 22 даана бетон электр мамычалары орнотулуп, АС 70 кубаттуулуктагы аба чубалгылар тартылып, 160 кВА трансформатору орнотулду.

«Бул трансформатордон аталган жаңы конуштун жанында жайгашкан Кызыл-Кыргызстан айылынын 90 абоненти электр жарыгын алат», - деп айтылат маалыматта.

1Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.07.2018 17:52

жума, 15-март, 2019 Бишкек убактысы 10:59

ЖАҢЫЛЫКТАР

Жалал-Абадда жарыксыз айылга күндөн электр алуучу жабдуу жеткирилди

22-август, 2018


Кызыл-Бейиттин тургундарына жабдуу тапшыруу учуру.

Кызыл-Бейиттин тургундарына жабдуу тапшыруу учуру.

Аксы районунун электр энергиясы жок Кызыл-Бейит айылынын жашоочуларына күндөн электр жарыгын алуучу жабдуу орнотулуп, сыналгы, муздаткычтар кошо берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жалал-Абад электро” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ГЭС курулгандан кийин жолу суу алдында калып, электр энергиясы жок жашап келе жаткан айылдыктардын көйгөйүн чечүүчү долбоорду Азия өнүктүрүү банкы каржылаган. Күндөн кубат алып иштөөчү аппарат кыштактагы 50 кожолуктун баарына берилди. Ар бир үйгө 100 миң сомго бааланган жабдыктарды энергетиктер орнотуп, аны пайдалануунун ыкмаларын жергиликтүү элге түшүндүрүп беришти.

Кызыл-Бейит айылы Ак-Жол айыл аймагына кирет. 1980-жылдарга чейин бул кыштак Бишкек-Ош жолунун боюнда турган. Кийин Күрп-Сай ГЭСи курулганда Нарын дарыясы бөгөлүп, жол суу астында калган. Учурда бул айылда 50 түтүндө 300гө жакын адам жашайт. ГЭСтин жанында жайгашканы менен айылда электр энергиясы, медпункт, мектеп жок, уюк байланышы да жакшы тартпайт. Кызыл-Бейиттин тургундары Нарын дарыясынан кайык менен өтүп катташат. (RsK\ErN)

Жалал-Абадда энергетиктердин кесиптик мелдешин жеңген сузактык команда «УАЗ» унаасына ээ болду (фото)

 

1185  Просмотры

Turmush -  «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коому өткөргөн райондук электр тармактар ишканаларынын кызматкерлеринин арасындагы кесиптик мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Мелдешке жалпы 12 команда катышканын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мелдеш 8 этап боюнча өткөрүлдү. Анда трансформаторду оңдоп жатып кызматкер кокустан электр тогуна тартылып калган маалда жабырлануучуга алгачкы жардам көрсөтүү, чыккан өрттү кыска убакытта өчүрүү, жогорку жана төмөнкү чыңалуудагы ажыраткычтарды орнотуу, изоляторлорун алмаштыруу, лабораториялык өлчөөлөрдү жүргүзүү жана электр орнотмолорун тейлөө жана тейлөөдө коопсуздук техникасы, өрт коопсуздугу боюнча сынак тапшыруу сыяктуу көнүгүүлөрдү ыкчамдык менен аткаруу белгиленген. Катышып жаткан командалардын даярдыктары, алардын кесиптик билим деңгээлин текшерүү үчүн атайын 24 калыс бекитилген. Мелдеш эки күнгө созулду.

Жыйынтыгында 1-орунга Сузак райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери жетишип, «УАЗ» үлгүсүндөгү автоунааны жеңип алышты. Ал эми 2-орунду алган Жалал-Абад шаардык электр тармактар ишканасынын кызматкерлерине компьютер принтери менен тапшырылды. 3-орунду Ноокен райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери багындырып, алар атайын электр шаймандарына ээ болушту.

Жеңген команда үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өтүүчү республикалык мелдешке катышат. Бул мелдеш аркылуу кызматкерлер тажрыйбаларын арттыруу, ыкчам аракеттерди күчөтүү жана ишке болгон жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

“Жалалабат электр” ААК “Үч-Терек-Өзгөрүш” аба чубалгысын жаңылап жатат 

 27/04/18 11:02 АЙМАК0

  • Бишкек, 27.04.18 /Кабар/. Токтогул районуна караштуу 22 чакырым “Үч-Терек-Өзгөрүш” аба чубалгысы жогорку өткөрүмдүүлүктөгү аба чубалгыга алмаштырылып жатат. Бул тууралуу "Жалал-Абад электр" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

"АС 50 кубаттуулуктагы аба чубалгылар АС 90 кубаттуулуктагы аба чубалгыларга алмаштырылууда. Аталган аба чубалгы 1969-жылы курулгандыктан эскилиги жетип, күз-кыш айларында авариялык абалды жаратчу. Үч-Терек, Кызыл-Ураан, Жетиген, Өзгөрүш айылдарын аралап өтөт, бул айылдарда 4474 абонент бар. Жалпы 4 бригада Токтогул, Исбаскент, Ала-Бука район электр тармактарынын жана “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун жогорку чыңалуудагы жабдууларды тейлөө кызматынын адистери иш жүргүзүп жатышат. Жалпы 20 ашуун кызматкер жана 5 техника тартылган. Жумуш аягына чыккан соң электр энергиясынын техникалык жоготуулары азайып, кыш айларындагы авариялык өчүүлөр кыскарат", - деп айтылат билдирүүдө.

Жалал-Абад облусуАксы району 27.03.2018 16:03

Фото — Жалал-Абадда Өзбекстан аркылуу өткөн электр чубалгылары көчүрүлүп жатат

1744  Просмотры

Turmush -  «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коому Өзбекстандын аймагында жайгашып калган 35 кВ «Караван-Анашев» аба чубалгысынын тилкесин Кыргызстандын аймагына куруп жатат.

«Жалалабатэлектро» ААКтын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, союз маалында 35 кВ «Караван-Анашев» аба чубалгысынын 3 чакырымдан ашык тилкеси Өзбекстан Республикасынын Наманган облусуна караштуу Хазретила айылында курулуп калган. Аталган аба чубалгынын тилкесин Кыргызстандын аймагына алып өтүү үчүн «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коому тендер жарыялаган. Тендерге катышкан компаниялардын арасынан «Бишкек электр» жоопкерчилиги чектелген жабык акционердик коому утуп алды.

«Учурда Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айылында иш жүргүзүп жатышат. Жалпысынан 16 даана анкердик темир мамычалар, 26 даана СК-22 үлгүсүндөгү электр мамычалар коюлуп, 5 чакырым аба чубалгысы тартылат. Бүгүнкү күндө жумуштун 40%ы бүтүп калды. Куруучулардын айтымында, бир ай аралыгында толук бүтүрүлүп ишке берилет», - деп айтылат маалыматта.

ЖАҢЫЛЫКТАР

Жалал-Абадда электр энергиясын колдонуу чектен ашты

30-январь, 2018


Токтогул ГЭСи.

Жалал-Абад облусунун аймагында суукка байланыштуу 26-29-январда электр энергиясын керектөө күчөп, белгиленген нормадан ашып кетти.

"Жалал-Абад электр" ишканасынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, үч күндө 29 млн. 234 миң киловатт электр тогу пайдаланылган. Муну менен 1 млн. 530 миң киловат энергия лимиттен ашыкча колдонулду.

Мекеменин маалыматына караганда, облуста авариялык өчүрүү каттала элек.

Ишкана 225 миңден ашык үй-бүлөнү электр жарыгы менен камсыз кылат. (RsK)

Күз-кыш айларына болгон даярдыктар уланууда

29 - Августа  2017 | 3 : 11353

Күз-кыш айларына болгон даярдыктар уланууда

        “Жалалабатэлектро” Ачык Акционердик коому эрте жаздан баштап эле 2017-2018-жылдын күз-кыш айларына карата даярдыктарды башташкан. Калкты үзгүлтүксүз сапаттуу электр энергия менен камсыз кылуу үчүн областтын бардык электр тармактар ишканаларында түзүлгөн пландын негизинде иш кызуу жүрүүдө. Туруксуз аба ырайына карабастан жыл сайын авариялык өчүрүүлөр аз катталууда.

        Үстүбүздөгү жылдын 7 айында 45 даана  жогорку чыңалуудагы көмөкчү чордон оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү . 950 даана  КТП-6-10/ 0,4 кВ көмөкчү чордондорду оңдоо планга кирген болсо, 7 ай аралыгында 1063 көмөкчү чордон оңдоп-түзөөдөн өттү. Ал эми 6-10/0,4 кВ аба чубалгыларынан 2438, 81 км бүгүнкү күндө оңдолду, мындан тышкары 35 кВ аба чубалгыларынын 269,9 километри ондолуп бүттү.   6-10/0,4 кВ аба чубалгыларынан 10, 39 км курулду. Күч келип иштеп жаткан көмөкчү чордондордогу  20 даана трансформатор жогорку кубаттуулуктагы трансформаторлорго алмаштырылды.

        35/6 кВ Промышленная көмөк чордонунда аткарылган жумуштар

           “Жалалабатэлектро” Ачык Акционердик Коомунун жогорку чыңалуудагы жабдыктарын тейлөө кызматы 35/6 кВ Промышленная көмөк чордонунда капиталдык жана утурумдук оңдоп-түзөө жумуштарын аягына чыгарды. Аталган көмөк чордондун Т-2 бөлүмү капиталдык ондоп-түзөдөн өткөрүлдү. Ал эми диспетчердик аталышы жаңыланды, мындан тышкары а.в.с фазаларынын белгилери жаңыланып коюлду. Көмөк чордон аба ырайынын ар кандай өзгөрүүлөрүнө туруштук берүүсү, чагылгандын түшүүсүнөн коргонуу үчүн орнотулган релейлик апараттары текшерүүдөн өттү. 35/6 кВ Промышленная көмөк чордон муну менен толук оңдоп-түзөдөн өткөрүлдү.  Бул Жалал-Абад шаарында жалпысынан 1112 абонентке электр энергия бөлүп берет.

                Шарты катаал, жол каттамы татаал 35/6 кВ “Сары-Бээ” көмөк чордонундагы  алгылыктуу аракеттер

   Майлуу-Суу шаарындагы 35/6 Кв “Сары-Бээ” көмөк чордонуну тоо тарапта жайгашкандыктан, шарты салыштырмалуу оор. Аталган көмөк чордонунда күз-кыш айларына болгон даярдыктар бүткөрүлдү. Көмөк чордондогу трансформатордун өчүрүп-жандыруучу аппаратын акыркы үлгүдөгү тетиктерге алмаштырылды.
“Сары-Бээ” көмөк чордону аталган аймактагы жайгашкан 3 айылдан сырткары телестанцияны жана шаардык суу башкармалыгына да электр энергиясын жеткирип берет. ВК10 жана ТСН жабдыгынын жанылануусу авариялык өчүрүүлөргө бөгөт коет.   “Жалалабатэлектро”ААКнын башкы директору Кеңешбек Маматканов аталган Майлуу-Суу шаарындагы  кооптуу делинген 35 кВ чыңалуудагы мамылардын абалы менен жеринен таанышып келди. Жыйынтыгында жайгашкан мамыларда көчкү кооптуулугу жок экендиги аныкталды.

Көк-Булак участкасына 1 чакырым аба чубалгы тартылып, 31 даана электр мамыча орнотулду.

       Сузак районуна караштуу Алмалуу-Булак айылындагы жашоочулар жаратылыш кырсыгынан улам Талаа-Булак айылындагы Көк-Булак участкасына көчүрүлүп, учурда ал жерде турак жайлар салынып жатат. “Жалалабатэлектро” Ачык Акционердик Коому  жергиликтүү бийлик менен бирге аталган жаңы участкага электр мамычаларды орнотуп, аба чубалгыларды тартып, электр энергияны жандырды. Жалпысынан 1 чакырым аба чубалгылары тартылды жана 31даана электр мамыча орнотулуп, 1 трансформатор коюлду.  Эскерте кетсек бул участка 350 кожолукка бөлүнгөн, 72 түтүн көчүп келет, бүгүнкү күндө 35 түтүн көчүп келип, жашап жатышат.

      35/10 кВ “Келдибек” көмөк чордонунда сырдоо жумуштары жүрдү                                          

      Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Тоок айылындагы 35/10 кВ “Келдибек” көмөк чордонунда утурумдук жана капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары аягына чыкты. Аталган көмөк чордондун карамагындагы трансформатордун майын алмаштыруу, жаратылыш кырсыктарына, чагылгандын түшүүсүнө туруштук берүүсүн текшерүү жумуштары жүрдү. Мындан сырткары керектүү тетиктер сырдалды. Сузак районундагы жаңы Көк-Булак участкасына трансформатор орнотулуп, электр жарыгы берилди. 
                100 трансформатор кайрадан калыбына келтирилди.

      Жалалабатэлектро Ачык Акционердик коомунун карамагындагы “трансформаторлорду кайрадан калыбына келтирүү цехи” кеңейтилип, жаңы имарат бүткөрүлгөн, керектүү жабдыктар алынгандан кийин,  бул жайда жогорку кубаттуулуктагы трансформаторлор ондоп-түзөөдөн өтөт. Ал эми жыл башынан бери орто кубаттуулуктагы 100 даана трансформатор кайрадан калыбына келтирилип, райондорго жеткирилген. Муну менен компания ашыкча чыгашаны кыскартты.

       Аба чубалгыларына тоскоолдук жараткан бак-дарактар буталууда.

    Токтогул районунда жана Жалал-Абад шаарындагы 35 кВ аба чубалгыларына тоскоолдук жараткан  бак-дарактар буталып, тазаланууда.  Ал эми Чаткал районуна караштуу “Терек-Сай” көмөкчү чордонуна заман талабына ылайык акыркы үлгүдөгү ВАКУУМдук өчүрүп жандыруучу тетиктер коюлуп жатат.

 Акылдуу электр эсептегичтертер артыкчылыктарга ээ

Электр энергияга болгон жоготууларды жоюу жана иш мүнөзүн жеңилдетүү максатында республикада өткөн жылдан тарта акылдуу эсептегичтер коюла баштаган. Текшерүүчүнүн кызматын жокко чыгарган бул аппарат колдонуу лимитти ашып кетсе автоматтык түрдө жарыкты өчүрөт. Аталган коом 7 айдын ичинде 485 даана акылдуу электр эсептегич орнотту. Ал эми обалсть боюнча 8048 электр эсептегич алмаштырылып, үйлөрдүн сыртына чыгарылды.

  Күз-кыш айларына болгон камылгалар улантылууда.

“Жалалабатэлектро” ААКнын басма сөз кызматы 

Жаңы саамалыгы көп “Жалалабатэлектро”

26 - Декабря  2017 | 14 : 7584

Жаңы саамалыгы көп “Жалалабатэлектро”

 

 

 

 

Өткөн аптада областта  энергетиктердин кесиптик майрамы кызуу белгиленди.  Кесиптик күндүн тарых таржымалына токтоло турган болсок, 1966-жылы СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун токтому менен 1920-жылы Бүткүл Орусиялык Кеңештин сегизинчи сьездинде Орусияны электрификациялоо мамлекеттик планын кабыл алуу күнүнө карата кабыл алынган. Ал эми Кыргызстанда  энергетиктер күнүн белгилөө боюнча  1994-жылы Өкмөттүн токтому чыгып, кесиптик күн катары белгиленип келе жатат. Бул  майрамды Орусия, Кыргызстан, Беларусь, Армения, Казакстан, Украина мамлекеттери  гана белгилейт.  Быйыл энергетиктердин  күнүнө карата  Аксыда электр тармактар ишканасы жаңы имараттуу болду, областка атайын кызматтык унаалар  келди.  

 

Он бир айда электр энергиясы үнөмдөлдүбү?  

Он бир айдын жыйынтыгы менен электр энергиясын пайдаланууга 1 387,16 млн.кВт.саат электр энергиясы мерчемделсе, иш жүзүндө 1 375,1 млн.кВт.саат,  же болбосо мерчемден  12,06 млн.кВт.саат электр энергиясы аз пайдаланылды.   “Жалалабатэлектро” ААКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, он бир ай аралыгында  66 даана 35 кВ жогорку чыңалуудагы көмөк чордондор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.  Ал эми 35 кВ аба электр чубалгылары боюнча  428,5 чакырым  оңдоону планга киргизилген болсо,  иш жүзүндө 431,35 чакырым оңдоодон өттү. 6-10/0,4 кВ кошумча трансформатордук пункттарды куруу иштери да жүрүп, жалпы  27 даанага трансформатор орнотулду.  Мындан сырткары ашыкча күч келип иштеп жаткан трансформатордук пункттардагы трансформаторлорду жогорку кубаттуулуктагы трансформаторлорго алмаштыруу иштери колго алынып, жыйынтыгында 46 даана трансформатордун кубаттуулугу жогорулады. Авариялык өчүрүүлөр дагы жыл өткөн сайын саны кыскарууда.

 Мисалга 2017-жылдын он бир  ай ичинде 6-10 кВ электр орнотмолорунда 1347 авариялык өчүүлөр катталып, 2016-жылдын 11 айына салыштырмалуу 252 өчүүлөргө кыскарган.

-Авариялык өчүүлөрдүн кыскарышына электр орнотмолорундагы капиталдык жана утурумдук оңдоолордун сапатынын такай көзөмөлгө алынгандыгынын жана оңдоолорду өз убагында аткаруунун  негизинде жетише алдык. Узап бара жаткан жылдагы жетишкендиктери катары 35/10 кВ “Рахманжан” жана “Ленинская” көмөк  чордондорундагы 4000 кВА трансформаторлору 6300 кВА трансформаторлоруна алмаштыруу иштеринин жүргөнүн айтууга болот. Андан сырткары  ВЛ-35 кВ Шакафтар-Терек-Сай аба электр чубалгысына СК-22 маркадагы 21 даана жана У-35 маркадагы 5 даана таянычтар орнотулуп5,0 км тилкеси реконструкцияланган кадамды да сөз кылууга арзыйт.

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында электр эсептегичтеринин мамлекеттик текшерүү мөөнөтү аяктаган мекеме-ишканаларга, коммерциялык багыттагы керектөөчүлөргө электр энергиясын пайдалануусун жана төлөмдөрүн интернет аркылуу такай көзөмөлдөп туруу үчүн керектөөчүлөрдүн эсебинен 572 даана GSM электр эсептегичтери орнотулду. Ошондой эле өзүбүздүн акционердик  коомдун  балансындагы 35/10 кВ чыңалуудагы көмөк чордондордо 6даана GSM электр эсептегичтери орнотулду - деп билдирет басма сөз кызматы.

 

Жаңы имарат, жакшы шарт...

 

Жылды жакшы көрсөткүч менен жыйынтыктап жатышкан  энергетиктерде саамалыктуу да иштер болду. Тактап айтканда, 21-декабрь күнү  Аксы  райондук электр тармактар ишканасы эки кабаттуу жаңы имаратка ээ болушту. Заманбап жабдыктар менен кошо жабдылып тапшырылган имараттын ачылуу аземине "Жалалабатэлектро" ААКнын директору Кеңешбек Маматканов, район акими Масалбек Мырзамамытов катышты. К. Маматканов  ары оор ары түйшүктү кесип ээлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

-Элге жылуулук, жарык берип келебиз. Бул кесипти аркалоо биз үчүн сыймык. Бул имараттын бүтүүсү бизди да кубандырып турат. Сиздерге дагы областка келген унаалардын бирөө берилет - деди ал.

Электр тармактарында эмгектенип, пенсия  жашындагы ардагерлер учурунда имаратты көрсөтүүдөн, олтуруудан уялып жүрүп иштешкендигин, эми түзүлгөн шартта жумушту колго алуу керектигин айтышты.

Аксы райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Өмүрзак Байназаровдун айтымында мындагы кызматкерлер 60 жылдан бери имараттуу болууну самап келишкен. Анткени,  100дөн ашуун кызматкер  олтурган имараттын эскилиги жеткендиги жана тардыгы аларды түйшөлтүп келген болчу.

 

-Мурда биз олтурган жер участка катары  чакан болуп түшкөндүктөн кызматкерлер кыйналып келишти. Олтурчу жайыбыздын тардыгынан уялчу элек, бир орунга үч кызматкер олтуруп,  эл жүгүн аркалап келдик. Ошентсе да,  район-шаарлардагы электр тармактар ишканалар арасында өз ишмердиктерибиз боюнча алдыңкы төрт орундуктун катарында келе жатабыз.   Буйруса,  кызматкерлер үчүн шарт түзүлдү,  жаңы дем күч менен жумушубузду уланта беребиз - дейт Аксы райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Өмүрзак Байназаров.

Маалым болгондой жаңы мекеме  «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун каржылоосунда бүткөрүлгөн.  Тактап айтканда  мекеме куруу үчүн 10 миллион сомго тендер жарыяланып,  «Мега континент» ЖЧКсы  8 миллион сомго  утуп алган. 2016-жылы курулушу иши башталган жай өткөн апта толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

 

Темир тулпарлар тапшырылды

Үстүбүздөгү жылдын 22-декабрында   «Жалалабатэлектро» ААКсы да кесиптик майрамды жогорку деңгээлде белгилешти. Ага  Улуттук Энергетикалык холдинг башкармалыгынын электр энергия жана жылуулук бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы Рустам Садыков жана област  жетекчилери катышты. Өмүрүн энергетика тармагына арнаган кызматкерлер Энергохолдингдин медалдары жана ардак грамоталары менен сыйланышты.

Салтанат аягында эки “ УАЗ”  үлгүсүндөгү жана  “Лабо” маркасындагы автоунаалар тапшырылды. Алар алыскы тоолуу райондордогу электр тармактар ишканаларына берилет. Башкача айтканда “УАЗ”  Кочкор-Ата шаарына, Токтогул районуна, “Лабо” үлгүсүндөгү машиналары  Жалал-Абад, Көк-Арт РЭСине жана Базар-Коргон райондук электр тармактар ишканасына берилди. Бул кызматтык  унаалардын баары тең ачык акционердик коомдун өз каражаты менен алынган.  Аталган коомдун жетекчилиги кызматкерлерге шарт түзүү, унаалар менен камсыздоо кадамдары мындан ары да жандана берээрин билдиришүүдө. Ылайым эле ошондой болсун.

 Жумагүл ШАЙЫКОВА, «Акыйкат». 

Керектөөчүлөрдүн жоопкерчиликсиздиги “Жалалабатэлектронун” дебитордук карызынын көлөмүн көбөйтүүдө

 13/02/17 11:18 АЙМАК0

Бишкек, 13-февраль /Кабар/. Пайдаланган электр энергиясына болгон карызын өз убагында төлөбөгөн ишканалар “Жалалабатэлектро” ААКнын ишмердүүлүгүндө көйгөйлөрдү жаратып келе жатат. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Керектөөчүлөрдүн тизмесин келтиребиз:

1

Коду79

«Жылуулук» ишканасы,Таш-Көмүр шаары

1 054 525,73 сом

2

Коду7

"Юнайтед Коал Компани" ЖАК, Таш-Көмүр шаары

6 076 622,32 сом

3

Коду 230

"ТК Солар" ЖЧК, Таш-Көмүр шаары

11 311 050,00 сом

4

Коду 252

"Электросила" ЖЧК,Таш-Көмүр шаары

11 030 014,86 сом

5

Коду 41

"Теплоснабжение” өндүрүштүк бирикмеси, Майлуу-Суу шаары

2 539 673,54 сом

6

Коду 120

Көк-Жаңак шаардык билим берүү бөлүмү

4 098 870,86 сом

7

Коду 65

“Аль-Каб” ЖЧК,Жалал-Абад шаары

1 163 042,68 сом

8

Коду 447

Бакиев питомниги, Жалал-Абад шаары

2 334 736,48 сом

Карыздарды сот аркылуу өндүрүп алуу максатында"Юнайтед Коал Компани" ЖАК, "ТК Солар" ЖЧК, “Аль-Каб” ЖЧК жана Бакиев питомниги боюнча учурда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.