Базар-Коргон район электр тармактарынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

6 Апрель 2024 ж.

Базар-Коргон район электр тармактарынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө 

️ "Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Базар-Коргон РЭТинин имараты 2024- жылдын капиталдык курулуш иш мерчеминин негизинде капиталдык оңдоп -түзөөдөн өткөрүлүүдө.

️ Имарат  буга чейин 2013- жылы ремонттолгон. Дубалдары көчүп, полдору жукарып, кызматкерлердин иштөөсүнө бир топ тоскоолдуктарды жаратып келген. 2023- жылы Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Жалал-Абад электр тармактар ишканасына болгон иш сапарында Базар-Коргон РЭТинин имаратына барып, ремонтко муктаж экенин көргөн.

Быйылкы жылы "КУЭТ" ААКтан акча каражаты бөлүнүп,  учурда "Нурэл" ЖЧКсы тарабынан ремонт иштери башталды. Аталган имарат 2024- жылдын май айында, ремонт иштери толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.

Андан сырткары  Базар-Коргон РЭТ боюнча 11,9 чакырым 10 кВ аба чубалгысы  курулса, 6 даана трансформатор курулуп кошумча кубаттуулук кошулат жана реконструкция жумуштарында 323 мамыча коюлат. Мындан сырткары 2024- жылга мерчемделген  техникалык тейлөө, кайра келбетөө, капиталдык курулуш жумуштары өз учурунда план боюнча аткарууга алынган.

 Базар -Коргон район электр тармактарынын аракети керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу.Ишкана тейлеген 33 173 абонент бар.