Ишембилик

6 Апрель 2024 ж.

"Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы болгон - Жалал-Абад  электр тармактар ишканасы бардык райондор менен биргеликте ишембилик өткөрдү.

Ишембиликтин алкагында ишкананын имараттарынын айланасы иретке келтирилип, таштандылар чыгарылып, айлана чөйрөнү тазалоо жумуштарын жүргүзүштү.

 
"Жашыл Мурас" өнөктүгүнүн алкагында ар бир район электр тармактарынын, бөлүмдөрүнүн, көмөк- чордондордун  короосуна мөмө- жемиштердин көчөттөрү отургузулду. Мында 1500 даана алма, алмурут, гилас  жана ар түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрү отургузулду.