Ноокен районунда быйылкы жылы 950 электр мамычасы орнотулат

12 Апрель 2024 ж.

Ноокен районунда быйылкы жылы 950 электр мамычасы орнотулат

️ “Кыргызстан УЭТ” ААКтын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Ноокен РЭТинде 2024 –жылга мерчемделген жумуштардын алкагында ремонт иштери жүрүүдө. Быйылкы жылы 950 мамыча орнотулуп, 3 трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылат. 57 трансформатор оңдоодон өткөрүлөт.

️ Ноокен РЭТи боюнча 399 трансформатор техникалык тейлөөдөн өтсө, 57 трансформатор ремонт болот. 6-10-0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларлардын 841 чакырымы техникалык тейлөөдөн өтөт. Ал эми 143, 4 чакырымында оңдоолор жүргүзүлөт.

️ Жогоруда аталган жумуштардын баары калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо максатын көздөйт. Ар бир мерчемделген жумуш пландын негизинде жүргүзүлүүдө. Аларды сапаттуу бүткөрүү үчүн энергетиктер бардык күчүн жумшоодо.