Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 3 даана көмөк чордон курулат

29 Март 2024 ж.

 
Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 3 даана көмөк чордон курулат
 
"Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы Жалал - Абад электр тармактар ишканасында 2024- жылдагы капиталдык курулуш иш мерчеминин негизинде 3 даана көмөк чордон курулат.
Алар Аксы районунун Дейрес айылына 35/10 кВ, Жерге- Тал айылына 110/35/10 кВ, Сузак районунун Жаңы- Дыйкан айылына 35/10 кВ.
 
Андан сырткары 220/110/10 кВ Төрөбаев көмөк чордонунда кубаттуулугу 125 МВА АТ- 3 трансформатору 200 МВАга алмашат.
 
Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын ар бир жасалган жумушу калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууну көздөйт. Анткени керектөөчүлөр жылдан жылга көбөйгөндүктөн электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жаңы кубаттуулуктар курулуп ишке киргизилүүдө.
 
Мерчемделген иш - пландын негизинде аткарылган жумуштардын каражаты "Кыргызстан УЭТ" ААК тарабынан бөлүнөт.