Суроо-жооптор

Турмуш-тиричилик абоненттери мындан ары кагаз эсептерин – квитанцияларды алышпайт?

Энергетика тармагындагы санариптештирүүгө байланыштуу энергия менен камсыздоочу ишканалар абоненттерин электрондук эсепке – квитанцияга өткөрүп жатышат. Бул үчүн ар бир абонент менен «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук тейлөөгө өтүү боюнча Кошумча келишим түзүлөт. Эгерде жеке абоненттерде «Мой свет»мобилдик тиркемесинин кызматын колдонууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда алар мурдагыдай эле эсептик кагаз – квитанцияларды алышат.

«Мой свет» тиркемесин кайдан жүктөп алса болот?

«Мой свет» тиркемесин Play Market и App Store дон жүктөп алсаңыз болот.

Электр энергиянын өчүрүлүшүнүн негизги себептери

Электр энергиясынын өчүрүлүшүнүн төмөнкүдөй себептери бар:

  1. 1. Пландаштырылган алдын алуучу иш-чаралары.
  2. 2. Электр менен жабдуу тармактарындагы авариялык абал болгондо.
  3. 3. Кардардын карызы болгон учурда.

Эмне себептен жарык өчүп жатканын компаниянын 24 саат бою иштеген колл-центрине - 105, 1209, 996 772 001209, 996 702 001209, 996 556 001209 (Whatsapp билдирүүсү) номурларына чалып билсеңиз болот. Адан соң алынган маалыматка жараша иш кыласыз.

Кандай учурларда айып пул чегерилет?

Электр энергиясын пайдалануунун эрежелерине (мындан ары - ЭЭТКЭ - 9-б., 94-пункт) жана тиричилик керектөөчүлөргө электр энергиясын берүү боюнча типтүү келишимге (№ 2 тиркеме ылайык 3., 7 пункт), энергия менен жабдуучу уюм керектөөчүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ар бир мөөнөтү өтүп кеткен күн үчүн карыздын суммасына айып төлөйт:Төлөө кечиктирилген ар бир күн үчүн төлөнбөгөн суммадан 0,1%, бирок негизги суммадан 100% ашпоого тийиш.

«Ай сайын биз төлөм үчүн эсеп-фактураларды алабыз, анда айып пул да бар.Эгерде биз өз убагында төлөсөк, эмне үчүн бул айыптар эсепке киргизилген? Мындан тышкары, ашыкча төлөм үчүн да айыптар эсептелинет, эмне үчүн мындай болуп жатат?

Бул учурда, кыязы, айып мурда төлөө мөөнөтү өткөндүгү үчүн алынган.

Керектелген электр энергиясын эсептөө автоматтык түрдө жүргүзүлөт, ошондуктан программа ашыкча төлөмдү керектелген электр энергиясы үчүн төлөмдөргө билдирет.

Карызым үчүн светти өчүрдүм, төлөдүм, “акылдуу” эсептегич бар. Кантип ЭКЭАТ өлчөө аспабын өз алдынча күйгүзсө болот?

Дебитордук карыздарды ЭКЭАТ эсепке алуу приборун өчүрүүдө, карыздын толук суммасын төлөгөндөн кийин төмөнкүлөр зарыл:

- эсептегичке барып, жогорку оң бурчта жайгашкан баскычты басыңыз.

- баскычты 10 секунддун ичинде басыңыз.

- ийгиликтүү басылгандан кийин, эсептегич күйүшү керек жана электр энергиясы автоматтык түрдө калыбына келет.

Менин светимди карызым үчүн өчүрүп кетишиптир, менин счетчигим эски. Кайрадан светти калыбына келтирүү үчүн жандырып берүүсү үчүн мен кайсыл жакка кайрыламын?

Акы төлөнгөн эсеп кагаз менен электр тармагына кайрыласыз. Өчүрүү жана туташтыруу үчүн ошол жерден төлөйсүз. Андан кийин сиздин өтүнүчүңүз боюнча адистер жерине барып, электр энергиясын калыбына келтирүү боюнча техникалык иштерди жүргүзүшөт.

Электр зымдарына тоскоол болгон бутактарды же бактарды ким кыйышы керек?

Электр линияларына жакын жерде өскөн бак-дарактар жана бадалдар коопсуздукка кооптуу болуп, өрткө, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына же электр энергиясынын кескин жогорулашына алып келиши мүмкүн. Алардын жалбырактары жана бутактары электр линияларынан жана бардык электр инфраструктураларынан алыс болушу керек.

Эгерде бак-дарактар электр зымдарына тийсе же аларга жакын болсо, жакынкы РЭТке кайрылыңыз.

Электр линияларынын астына эмнелерди курууга болбойт?

Электр линияларынын, трансформаторлордун, көмөкчордондордун жана башка ушул сыяктуу объектилердин айланасында коопсуздук зоналары орнотулган. Булар энергетиктердин жазуу жүзүндөгү макулдугусуз эч нерсе курууга, кампаларды уюштурууга, таштанды төгүүгө, бак отургузууга мүмкүн болбогон аймактар.

Мобилдик тиркемелер аркылуу электр энергиясы өчүрүлгөндүгү тууралуу билдирүү жөнөтө аламбы?

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын социалдык түйүндөрү аркылуу билдирүү жөнөтө аласыз

Эгерде абоненттин тилкесинде пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүп жатса, бот электр жарыгынын өчүрүлүшү тууралуу билдирүүгө жооп катары үзгүлтүктүн себептери тууралуу маалыматты жөнөтөт. Эгерде электр энергиясын берүүдөгү үзгүлтүктөр башка себептерден улам болсо, анда абоненттин билдирүүсү арыз катары кабыл алынат, андан кийин көрсөтүлгөн дарек боюнча электриктердин оперативдүү тобу жөнөтүлөт.

Робот же бот - бул адамдарга арналган интерфейстер аркылуу автоматтык түрдө/же берилген график боюнча кандайдыр бир аракеттерди аткарган атайын программа.