Колл - борбор: 105, 1209
Ссылка на старый сайт

Компания жөнүндө маалымат

Жалал-Абад  электр тармактары ишканасы  боюнча  кыскача маалымат

            Жалал-Абад  электр тармактары ишканасы (ЖЭТИ) “Кыргызстан Улуттук электр тармагы”   ААКнын филиалдык түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет. Жалал-Абад  электр тармактары ишканасынын тейлөөсүндө  3750,78 МВА белгиленген кубаттуулуктагы, чыңалуусу 35-110-220-500 киловольттук 109 көмөк чордондор бар, анын ичинде:

  • 500 кВ КЧ    1 даана, суммардык кубаттуулугу      - 1409,36 МВА
  • 220 кВ КЧ  2  даана, суммардык кубаттуулугу     - 501,0 МВА
  • 110 кВ КЧ    39 даана, суммардык кубаттуулугу    - 936,5 МВА
  • 35 кВ КЧ 67 даана, суммардык кубаттуулугу    - 339,56 МВА

            жана 10(6) кВ  ТПнын (КТП) жалпы саны 3993 даана жалпы    жалпы кубаттуулугу 874 МВА.

Жана жалпы узактыгы 11410,16 км   болгон  аба чубалгылары, анын ичинен:

  • АЧ - 500 кВ      - 385,20 км.
  • АЧ – 220 кВ  –  386,55 км. 
  • АЧ – 110 кВ  –  985,73 км.
  • АЧ – 35 кВ     –  954,08 км.
  • АЧ – 10(6) кВ   –  3702,5 км.
  • АЧ – 0,4 кВ     –  4996,1 км.         

            Ишкана Жалал-Абад областынын Жалал-Абад, Сузак, Көк-Арт, Базар-Коргон, Ноокен, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Аксы,  Ала-Бука, Чаткал, Кара-Көл, Токтогул  райондук электр тармактарын  камтыйт жана  Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Кочкор-Ата, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр,  Шамалды-Сай, Караван,  Кара-Көл, Токтогул шаарларында 500-220-110-35-10-6-0,4 кВ көмөк чордондорун жана жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын оңдоо-түзөө жана ийкемдүү тейлөө жумуштарын жүргүзөт.

 Азыркы учурда Жалал-Абад электр тармактары ишканасында 1884 адам эмгектенет.

Жалал-Абад  ЭТИнин  курамында 11 өндүрүштүк кызмат, 20 бөлүм жана тайпалар, 12 райондук электр тармактар (РЭТ), 2 электр энергия сатуу ишканасы (ЭЭСИ) бар.

 Тейлөөнүн көлөмү  45715,3 шарттуу бирдигин түзөт.