Электрдик жаракат

КАТУУ ТЫЮУ САЛЫНАТ:

Электр зымдары жакын өткөн вагондордун, үйлөрдүн жана имараттардын чатырларына чыгууга, лампаларды, изоляторлорду сындырууга, зымдын жанына батперек учурууга, аба чубалгыларынын астына ойноого, ошондой эле трансформатордук көмөкчордондорго же алардын артына кирүүгө, электр подстанцияларын жана трансформаторлорду тосууга, подъезддерде, подвалдарда, чатырларда коммутаторлордун жана башка электр приборлорунун эшиктерин ачууга катуу тыюу салынат.

 

УНУТПАҢЫЗ, бардык мамыларда жана электр установкаларында плакаттар жок экендигин, бирок алардын жоктугу электр орнотууларында чыңалуу жок дегенди билдирбейт. Жерде жаткан электр чубалгысынын үзүлгөн зымына тийүү гана эмес, 8 метр жакын келүү дагы өлүм коркунучуна алып келээрин билишиңиз керек. Эгерде электр объектилеринин ачык эшиктерин, аба чубалгысынын зымдарынын үзүлүп же салбырап калганын таап, көргөн болсоңуз, бузулган жерди коргоону уюштуруп, ал жерге жакындабай алыс болуусун жана өлүм коркунучу бар экендиги  жөнүндө адамдарга (балдарга) бардыгына эскертип, байкалган бузулуулар жөнүндө токтоосуз чоңдорго же электр тармагына билдирүү керек.

Эсиңизде болсун:

- кир жуугуч машиналарды, радиоприемниктерди, магнитофондорду жана башка электр приборлорун тармакка кошууга жана сыртта колдонууга болбойт; жер электр тогун жакшы өткөрүүчү болуп саналат жана аппараттын кандайдыр бир бузулуулары болгон учурда, адам электр тогунун таасири астында болуп калышы мүмкүн;

- бардык түрдөгү электр зымдарын, ошондой эле кийимдерди кургатуу үчүн жиптин ордуна зымды колдонууга жол берилбейт, анткени чыңалуу кокусунан,  мисалы: аба чубалгысынын бузулушунан улам тартылып турган зымга түшүп калышы мүмкүн;

- электр зымдарына эч нерсе илип албагыла, шнурларды жана зымдарды сырдабагыла жана актабагыла, зымдарды кагаз, обой жана мык менен кагып бекитпегиле;

- бул зымдардын изоляциясынын бузулушуна жана электр тогунун урунушуна алып келиши мүмкүн;

- электр шнурунун же электр зымдарынын изоляциясы бузулуп же ачык болсо, электр шайманын колдонбоңуз;

- электр зымдарын телефон жана радио өткөргүч зымдары, радио жана телекөрсөтүү антенналары, бак-дарактардын бутактары жана имараттардын чатырлары менен тийгизүүгө жана каптатууга жол берилбейт;

- өчүргүчтөрдүн, розеткалардын жана коңгуроо баскычтардын сынган баскычтарын колдонбоңуз;

- бардык учурларда чыңалуунун астында ар кандай иштерди жүргүзүүгө: электр лампаларын алмаштырууга, өчүргүчтөрдү, розеткаларды, коңгуроолорду, электр плиталарын, электр өткөргүчтөрүн жана электр приборлорун оңдоого катуу тыюу салынат;

- электр жылыткычтарын кароосуз калтырбаңыз, аларды күйүүчү объекттердин, үстөлдөрдүн, дасторкондордун, пардалардын  жанына орнотпоңуз;

- муздаткычтарды, кир жуугуч машиналарды, пол лампаларын, телевизорлорду тармактан ажыратпай кайра иретке келтирүү адам өмүрүнө коркунучтуу;

- электр жабдууларынын металл корпустарын жерге туташтыруу үчүн жылытуу системаларынын металл бөлүктөрүн колдонууга тыюу салынат, анткени системаны оңдоодо (же башка себептерден) жылытуу батареяларынын бир бөлүгү кубатталып калышы мүмкүн.

- Жарык берүүчү приборлорго нымдуу кол менен тийүү өзгөчө коркунучтуу экенин эч качан унутпаңыз. Кайсы жерде болсоңуз да электр энергиясын колдонууда этият болуңуз жана электр коопсуздугунун эрежелерин так сактаңыз.

- Өзүңүздүн өмүрүңүзгө коркунуч келтирбеңиз жана айланаңыздагы бардык адамдардан сактык чараларын талап кылыңыз, ошондой эле электр тогуна урунган адамга биринчи жардам көрсөтүү эрежелерин үйрөнүңүз. Адамга электр тогуна урунган бардык учурларда, тез арада дарыгерди чакыруу зарыл.

- Адамды электр тогунун таасиринен бошотууда туура иш-аракет кылуу зарыл. Электр тогу жана андан пайда болгон электр жаа адамдын организмине зыян келтирет. Адамдын денеси аркылуу өткөн электр тогу ага жылуулук (ткандарды жана биологиялык чөйрөлөрдү ысытуу), электролиттик (кандын жана плазманын ажыроосу) жана биологиялык (нерв жипчелерин дүүлүктүрүү ж.б.) комплекстүү таасир этет. Чыңалууга дуушар болгон адам буту-колунун тырышуусунан улам чыңалуудагы ток өтүүчү бөлүктөрдөн өз алдынча бошоно албайт.

Адамды электр тогунун таасиринен тезирээк бошотуу үчүн токтоосуз кечиктирбеген чараларды колдонуу зарыл. Биринчиден, өчүргүчтү өчүрүү, розеткадан вилканы алып салуу, сактагычтарды бошотуп алуу, кургак жыгач туткасы бар курч кесүүчү зат менен зымды кесип алуу керек.

Эгерде шарттар мүмкүндүк бербесе, жабырлануучуну кийимдин четинен кармап, эгерде ал кургак болсо, жабырлануучунун денесине тийбей туруп, ток өтүүчү бөлүктөрүнөн тез ажыратуу (жулуп алуу) керек. Бул учурда колду кургак зат (баш кийим, жоолук, куртка менен) ороп колдонуу керек. Жабырлануучуну электр тогунун таасиринен этияттык менен бошотуу зарыл, анткени жардам көрсөткөн адам өзү электр күчүнө (тогуна) урунуп калышы мүмкүн. Жабырлануучу бошотулгандан кийин ал дароо биринчи жардам көрсөтүп, тез жардам кызматын чакыруусу керек.