«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК туумду эсептен чыгаруу боюнча «Жаңы жылды карызсыз тосуңуз» акциясын 2024-жылдын 31-январына чейиин улантат

26 Январь 2024 ж.

Бул акция калк керектөөчүлөр (турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү) жана мамлекеттик бюджеттен (бюджеттик керектөөчүлөр) каржыланган уюмдар ошондой эле диний уюмдар (мечиттер, медреселер, чиркөөлөр ж.б.) үчүн өткөрүлөт.
 
 Акциянын шарты боюнча, керектөөчүлөр электр энергиясына болгон карызды толук төлөшү зарыл. Туумду эсептен чыгаруу, акция аяктаган соң, 31-январдан кийин жүргүзүлөт.
 
Башкача айтканда, 2024-жылдын февраль айынан тарта карызын төлөгөн абоненттерге туумдар эсептен чыгарылып, жаңы эсептөөлө туумсуз жазылат. Карызы сот органдарында каралып жаткан же соттун чечими бар абоненттер акцияга катыша албайт.